КОНТРИБУЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНТРИБУ́ЦИЯ (лат. contributio) – 1) жеңилген мамлекетке жеңген мамлекеттин пайдасы үчүн салынуучу төлөмдөр; 2) басып алынган аймактын калкынан баскынчылар мажбурлап чогултуп алган акчалай жыйымдар. К-нын бул 2 түрү талоончулуктан пайда болгон, анын алгачкы формасы согуш олжосун ээлеп алуу эле, бул кул ээлөөчүлүк ж-а феод. мезгилдеги согуштарга таандык. 18-к-дын аягынан К. тынчтык келишимдин шарты болуп калды. Айрым учурда согуш чыгымына элдин согуш зыяны, согуш рек­визициясы да кошулуп эсептелген. 2-дүйнөлүк согуш тажрыйбасын эсепке алып, 1949-ж. Женева конф-ясы К-га тыюу салган.