КОНСЕРВАТИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОНСЕРВАТИ́ЗМ (лат. conservo – коргойм, сактайм дегенден) – саясаттагы багыт. Үстөмдүк кылган мамл. ж-а коомдук тартипти коргоп, оңолууларды ж-а реформаларды талап кылган либерализмге каршы турат. К. идеол. багыттуулук ж-а саясий кыймыл катары социалдык өзгөрүүлөргө каршы туруп, салттык баалуулуктарды ж-а тартипти сактоону көздөйт. Тарыхта К-дин ар кыл түрлөрү болгон, негизинен ал рев-ялар м-н радикалдык реформаларды жактырбайт, туруктуу социалдык системаларды ж-а нормаларды жактайт. Социалдык өзгөрүүлөр шартында К. эски тартиптерди бузууга, жок кылууга өтө этият мамиле жасайт. «К.» терминин алгач Ф. Шатобриан колдонгон, анда К. 18-к-да Франциядагы рев-я убагында аристократиянын идеологиясын билдирген концепцияны түшүндүргөн.