КОНСЕРВАЛОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНСЕРВАЛОО (азык-түлүктү) – тамак-аш азык-түлүктөрүн узак убакытка сактоодо бузулуп кетпеши үчүн иштетүү ыкмалары. Негизинен азык-түлүктөр андагы микроорганиздердин көбөйүшүнөн ж-а азык-түлүктөрдүн курамындагы ферменттердин терс аракетинен бузулат. К-нун бардык ыкмасынын негизги максаты – микроорганиздерди жок кылуу, ферменттердин активдүү аракеттерин токтотуу болуп эсептелет. Анын ыкмасына стерилдөө, пастерлөө, тоңдуруу, кургатуу, туздоо, ыштоо (сүрсүтүү), кант ж-а хим. заттарды кошуп иштетүү кирет. К-нун бардык ыкмасында азык-түлүк алгач сорттолот, жуулат, желбөөчү бөлүктөрүнөн тазаланат. Эт азыктарынын тарамыштары, балыктын түрпүлөрү ж-а ичи алынып ташталат. Стерилдөөдө азык-түлүк 100–140°С темп-рага чейин, пастерлөөдө 100°Сге чейин ысытылса, тоңдуруу үчүн –18°тан –25°С темп-рага чейин муздатылат. Кур­гатууда азык-түлүктөгү ным жок кылынат. Ошентип, К-нун бардык ыкмаларында микро­организмдердин жашоо чөйрөсүн жок кылуу ча­ралары көрүлөт (к. Стерилдөө, Пастерлөө, Тоң­дуруу).