КОНДУЧАЛОВА Күлүйпа: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНДУЧАЛОВА Күлүйпа (15. 6. 1920, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Кара-Жыгач айылы) – мамл. ж-а коомдук ишмер. КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (1998), Кыргыз Эл Баатыры (2010). Фрунзе пед. окуу жайын (1938), Москвадагы жогорку парт. мектепти (1945) бүтүргөн. 1938–40-ж. Тянь- Шань обл-ндагы Нарын р-нунун

Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1940–43-ж. Кырг-н ЛКЖС Тянь-Шань обкомунун секретары, Эл депутаттарынын Тянь-Шань обл. советинин аткаруу к-тинде төраганын орун басары, Кырг-н КП Тянь-Шань обкомунда лектор, Кырг-н КП БКда лектор, 1945–48-ж. Кырг-н КП Фрунзе обкомунда үгүт ж-а саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, «Коммунист» журналынын редактору, Кырг-н КП БКда аялдар бөлүмүнүн башчысы, 1948–49-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары, 1947–49-ж. партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт ж-а саясат бөлүмүндө секретарь, 1949–52-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун төрагасынын орун басары, 1952–53-ж. Кырг-н КП БКнын секретары ж-а аялдар арасында иштөө б-ча бөлүмдүн башчысы, 1953–58-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары ж-а тышкы иштер министри, 1958–63-ж. Кыргыз ССР мад-т ж-а тышкы иштер министри, 1963–80-ж. Кыргыз ССР мад-т министри, 1980–2003-ж. КРдин тарых ж-а мад-т эстеликтерин коргоо коомунун Борб. кеңешинин президиумунун төрагасы. СССР Жогорку Советинде Улуттар Советинин төрагасынын орун басары (1958–62). Кыргыз мамлекетинин мад-ты м-н иск-восуна зор эмгек сиңирген. СССР Жогорку Советинин (1954–62) ж-а Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–75) депутаты. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 1-даражадагы Манас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.