КОНДИТЕР ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНДИ́ТЕР ӨНДҮРҮШҮ – курамында кант басымдуу болгон жогорку калориялуу тамак-аш азыктарын өндүрүүчү өнөр жай тармагы. Ага канттан ж-а ундан иштелип чыккан кондитердик азыктар кирет. Бул топтор өзүнө карамель, конфет, шоколад, мармелад, вафли, печенье, крекер, ж. б-ны камтыйт. К. ө. өтө динамикалуу өнүгүп келе жаткан өндүрүш тармагы болуп саналат. Акыркы жылдары кондитер азык­тарды колдонуу киши башына 8,5 кгдан 10 кгга чейин өскөн. Кыргызстанда «Таттуу», «Куликов», «Ширин» ж. б. кондитердик ишканалар бар.