КҮКҮКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮКҮКТӨР (Сuculidae) – куштардын күкүк сымалдар түркүмүнүн тукуму. Дене уз. 15–70 см. Даракта

жашагандарынын буту кыска, жердегилердики узун, чуркоого ыңгайланган. Жакшы учат. Келгин куштар, көбү моногамдар, 26 жумуртка тууп, эркек м-н ургаачысы алмаксалмак басат. К-дүн 39 уруусу, 129 түрү бар. Антарктидадан башка жерде таралган; көбүнчө тропикте кездешет. Булардын 80, КМШ өлкөлөрүндөгү 6, Кырг-нда жашоочу 2 түрү өзү уя салбай, жумурткасын башка куш-тун уясына тууйт. Ал куштар К-дүн жумурткасын өз жумурткасы м-н кошо басып чыгарат. Анын балапаны эрте чыгат да, ээсинин жумурткасын же балапанын уядан түртүп таштап, өзү калат. Айрым түрү башка уяны ээлеп алып, жумурткасын өзү басат. Кээ бири өзү уя салып, балапанын чыгарат. Куштардын уясын бүлдүрүп, зыян келтирүү менен бирге зыяндуу курт-кумурскаларды, алардын личинкалары менен азыктанып, пайда келтирет. Чөлдө жашоочу түрлөрү кескелдирик, жылан, кээ бири мөмө, жемиштер менен азыктанат.