«КҮКҮК МЕНЕН ЗЕЙНЕП»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
«КҮКҮК МЕНЕН ЗЕЙНЕП» – кыргызда кеңири тараган уламыш. Анын негизги темасы – сүйүү, идеясы – калк кадырлаган каада-салтты сактоо. Баш каармандары – сүйүшкөн эки жаш.
Алар элдик нарк-насил эрежесине сыйбаган жорук-жосуну үчүн калк каргышына калган. Ушундан улам бири Күкүк (жигит), экинчиси Зейнеп (кыз) деген кушка айланып кетип, бирин бири көрүшө албай, зарланып, алыстан гана чакырышып калган. «К. м. З.» ж-дө дагы бир башка уламышта окумуштуу, сыйкырчы Так Сулайман Эрдеше хандын Мазмун аттуу кызын сүйүп калганы баяндалат. Эрдеше ага кызын бербейт. Ошондо Сулайман Күкүк деген кушту жиберип, Мазмунду чакырткан. Кийин алар кудайдын каарына калып, Күкүк жана Зейнеп деген куш болуп кеткен. Элдик чыгармаларда алардын образы аркылуу ашык жарлардын тагдыры («Ашык болуп мен жүрөм, Күкүк менен Зейнептей») чагылдырылат.
Ад.: Поярков Ф. Каракиргизская легенда, сказки и верования. Верный, 1900.