КҮЙҮҮ ЖЫЛУУЛУГУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮЙҮҮ ЖЫЛУУЛУГУ , ж ы л у у л у к ч ы г ар у у г а ж ө н д ө м д ү ү л ү к, к а л о р и я л у у л у к – 1 кг катуу жана суюк же 1 нм3 газ абалындагы отун толук күйүп бүткөндө пайда болгон жылуулук саны. Күйгөндө көп жылуулук бөлүп чыгарып, энергия булагы катары колдонулган зат отун деп аталат. Ал табигый (жыгач, саман, камыш, чым көң, күрөң жана таш көмүр, нефть, күйүүчү газ ж. б.) жана жасалма (отундарды физ., хим. же физ.-хим. иштетүүдөн алынган) болуп бөлүнөт. К. ж. джоуль жана калория менен өлчөнөт. К. ж-нда отундун хим. курамы аныкталат. Отун курамындагы күйүүгө катышкан хим. элементтерге – суутек (Н), көмүртек (С), кычкылтек (О), азот (N) жана күкүрт (S), күйүүдөн калган затка күл (А), суу (W) кирет.