КҮЙҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЙҮҮ – жылуулук жана жарык чыгаруу менен тез жүрүүчү татаал хим. реакция. К. отун түрлөрүнүнүн (нефть, газ ж. б.) жогорку темп-ралуу кычкылдануусу жана физика-хим. теория б-ча тез өтүүчү хим. процесс. К-гө о. эле ацетилен, жарылгыч зат, озондун ажырашы, заттын хлор, фтор менен кошулуусу ж. б. кирет. К-дөгү хим. реакция өзүн өзү тездетет, хим. реакция өзү тездейт жана хим. реакцияны жүргүзүүчү активдүү заттардын концентр-сы жогорулайт. К-дө пайда болгон заттар жана бөлүнүп чыккан жылуулук диффузия жана жылуулук өткөрүү кубулушунун негизинде мейкиндикке тарайт. К. эки этапта жүрөт – заттын тутануусу жана толук К-сү. Зат аргасыздан жана өз алдынча тутанат. К-чү продуктунун агрегаттык абалына жараша гомогендүү К., жарылгыч заттардын К-сү, гетерогендүү К. деп айырмаланат. Гомогендүү К-дө баштапкы К-чү зат жана продукт бирдей агрегаттык абалда болушу зарыл. К-нүн бул тибине газ аралашмасынын (жаратылыш газы, суутек жана кычкылтектин), газдаштырылбаган заттын (мис., алюминий кошулмасынын түрдүү металл окистери менен) К-сү жана изотермалык К. заттын жарылуусундагы К. заттын конденсацияланган абалынан газ абалына өтүшүнө байланыштуу. Гетерогендүү К-дө алгачкы заттар түрдүү агрегаттык абалда (мис., катуу же суюк отун жана газ түрүндөгү кычкылданткыч) болот. Гетерогендүү К-нүн маанилүү технол. процесстери – бул көмүр, металл, суюк отундун ичинен К-чү кыймылдаткычтагы, реактивдүү кыймылдаткыч камерасындагы К. Техникада К. жылуулук алуу үчүн колдонулат.