КҮЗҮК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮЗҮК – токулуп жаткан килем менен өрмөктө аркак өткөрүлгөн сайын үстүнкү («эркек») жиптеринин ар биринин арасы менен астынкы («ургаачы») жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу бөлүгү. Килем эриш жип бүт жүгүртүлүп бүткөндө, ал эми өрмөк эриш жиби жүгүртүлүп жатканда күзүктөлөт. Эриш жиптердин «ургаачылары» К-кө илинет да, «эркек» жиптери илинбейт. Токуучу адыргыны өзүн карай тартып кырынан тургузса, «эркек» жип К. жиптин арасы менен өөдө чыгат, адыргыны жалпагынан ары жылдырса, «ургаачы» жиптин арасы менен төмөн түшүп турат. Эриштин эки тарап «эркек», «ургаачы» жыш жиптери бат-бат алмашып, арасына аркакты кысып калат. К-төлгөн (үстүнкү жана астынкы) эриштерди көтөрүп, согууга даярдоо үчүн м о ж у (үч бут), айрым жерлерде и й м е к колдонулат да, эриштин кайчылашкан жери таарда к ы л ы ч, килемде т о к м о к менен ургулап бекемделет (к. Токуу). Килем менен өрмөктүн токулган бөлүгү жылган сайын К. да, К. көтөргүч да «күйөөнү» көздөй жылдырылып турат. К. токуучунун алды жагында андан бир метрдей окчун болот.