КҮЗДӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЗДӨӨ – малдын күзгү жайыты. Мал жайлоодон келгенче, жаздоо чөбү алысындап, күзүндө күзгү жайыт катары пайдаланылган. Мал көбүнчө түзөң, тоо этеги, кокту-колот, адырларда күздөтүлгөн. Күзгү жайыттын түшүмү жайкы жайыттыкынан төмөн, чөптө азык заттар аз болгон. Көпчүлүгү күзгүсүн аңызга да мал жайган. Учурда колхоз-совхоздор тарап, дыйкан чарбасы уюшулгандыгына байланыштуу К. аз пайдаланылат.