КУШЧУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУШЧУ , к у т ч у – кыргыздардын сол канат тобуна кирген чоң урууларынын бири. Өз ал­дынча уруу катары алгач 16-к-дагы «Мажму ат- Таварих», «Тазкира-и-ходжаган», «Тарихи-и Ра­шиди» ж. б. тарыхый чыгармаларда эскерилет. «Тарих-и Рашидиде» Моголстандын ханы (1380– 99) Кызыр Кожону коштоп жүргөн бир мерген­чинин түпкү атасы К. уруусунан чыккан эмир экени айтылат. В. Радлов К. (кучу) уруусу Те­ңир-Тоо жана Енисей кыргыздарынын этностук байланышын аныктайт деген пикирди айтса, айрым көз караштагылар кытай хроникаларын­да кезиккен нушибилердин бир уруусу гэшуну К. деп эсептешет. Бирок азыркы К. уруусу менен байыркы түрк урууларынын түз байланышы бар экени так аныктала элек. Башка бир пикирлер б-ча К. адегенде түрктөрдүн аскер наамы (кош беги) же хандын кызматчылары (кушчу – куш сала турган адам) болгон. Негизинен К. уруусу кыргыздын мундуз, кыпчак, коңурат, каңды сы­яктуу уруулар менен бирге байыркы уруулардын бири деп таанылат. К-лар этностук компонент катары кийинки ногой, түркмөн, башкыр, өзбек, азербайжан элдеринин арасында да кезигет. Кытай маалыматтарында (Пиндин Чжуньгээр фанлюэ, Сиюй чжи) К-лардын 17–18-к-да Чыгыш Түркстандын саясий турмушуна жигердүү катышканы айтылат. Генеал. уламыштар б-ча К. уруусу жоош жана меңдуулат деген эки бөлүкчөдөн туруп, жоош негизги үч уруу – касымсейит, төрөсейит, тынымсейит; меңдуулат таз кушчу, кара кушчу, көк кушчу, кагасты, чилжубут, шараноот, сакалды ж. б. урууларга бөлүнөт. К. урууларынын негизги бөлүгү Талас өрөөнүнүн баш жагында турушат. Мындан тыш­кары Чүй (Панфилов, Жайыл, Кемин ж. б.), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Тоң, Түп ж. б.), Нарын (Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.) обл-тарын­да жана КЭРдин Ак-Чий, Каражүл р-ндорунда жашайт. К. уруусу кыргыз элин түзгөн маанилүү этностук топ болуп эсептелет.


Ад.: Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт. Б., 1991; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1– 2. Б., 2003.

Р. Жолдошов.