КУШ ТАПТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУШ ТАПТООалгыр куштарды аң уулоого үйрөтүү. Алгыр куштарды тор жайып, тузак тартып, кылтак салып жана уядан темир канат кезинде же учар маалында кармап алат. Таптоо кармалган мүнөттөн эле башталат. Балапанга үйдө уя, чоңоё түшкөндө туур жасалат. Күнүнө 3–4 маал уясына эт ташталып, колдон эт жана жем жегенге үйрөтүү менен үндөккө (жем бергенде «Пө! пө!» – деп кыйкырат) да маштайт.
Балапанды чоңойтуп, үйүр алдырууда көп тойгузбайт, туздуу эт берилбейт, колго албайт. Чоңойгон сайын колго же туурга конууга үйрөтөт.
Туурга конууга көнгөндөн баштап көзүнө томого (кээде жылчык гана калгандай кылып көзүн тигип коюшат) кийгизип, бутуна чолок боо тагылат. Түнү уйкудан жүдөтүп, күндүзү колдон түшүрбөй алып жүрөт. Колдон эт алганга көн гөндөн кийин тигилген көзүн ачып, үй-бүлө мүчөлөрүнө, айыл-кыштактын шарттарына, аңчы иттерге үйүр алдырат. Бул этапта кушка жаңы, таза жана тузсуз эттен азыраак берип туруу керек. Бүркүттү семиртүү үчүн «кызыл эт» берип багышат. Кызыл эт менен багуу «тойгузуу» же «сөөгүн агартуу» деп аталат. Кушту арыктатуу үчүн «ак жем», бир калыпта кармоо үчүн «сары бөртмө», чыйрыктыруу үчүн «тартма», «толорсук» деп аталган жемдер берилет. Аңчылыкка чыгар алдында же маал-маалы менен кийиз, кыл, жүн, жип, куштун канаты, арчанын бүрүн ж. б. жутканга мажбурлап, аткы, кант кошулган эт, суулук (жылуу суу менен ак жем) ж. б. колдонуу менен бүркүттүн ичин тазалап турат. Куш сиңбеген тамак-аш калдыктарын кусуп салат. Куш үйүр алгандан кийин учуп келип, колго конууга үйрөтүлөт. Ал үчүн «узун боо» тагылат. Алыскы аралыктан үндөккө учуп келүү үчүн салмоор (Кырг-ндын түштүгүндө –токмок) пайдаланылат. Атчан аңчынын колуна конууга көнгөндөн баштап, кушту далбаа тартуу, чыргага жыгуу ж. б. ыкмалар аркылуу аң алууга үйрөтө баштайт. Кыргыз аңчылары аны буктурма деп аташат. Акыркы этапта бүркүттү даярдалган тирүү жаныбарга салат. Ал тирлөө же кайруу деп аталат. Ал үчүн капканга кармалган жаныбарды алыска кача албагандай бутун тушап, оозун байлап коюшат. Даярдалган тирүү жаныбарга токтоосуз, чечкиндүү кол салууга жеткенде, куш табына келген болот. О. эле кыргыздарда сагызганды жана кузгунду да тапка келтирип, аңчылык кылууда пайдаланышкан. Байыртадан элибизде сагызганды ар кандай коркунучтардан кабар берген кабарчы катары пайдалангандан тышкары, үйрөтүлгөн сагызганды ууга чыкканда алдын ала учуруп, анын шакылдаган үнү аркылуу жакын арада аңчылык кыла турган жаны­бардын бар экендигин билишкен. Кырг-нда бул байыркы өнөр менен Алай р-нундагы Терек айылынын тургуну К. Дүйшөбаев (сагызган таптайт), Аламүдүн р-нунун Кара-Жыгач айылынын тургуну Т. Жапаров (кузгун таптайт) алектенет. Куштарды аң уулоого үйрөтүү процесси тап жана бап, үйрөткөн киши тапкер жана бапкер деп аталат.

С. Эралиев.