КУШ САЛУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУШ САЛУУ – куш агытып, мергенчилик кылуу, аң уулоо; тапталган алгыр куштарды (бүркүт, ителги, шумкар, ылаачын ж. б.) аңчылыкта пайдалануу. Алгыр куштарды мүнүшкөр таптайт. К. с. өнөрү аңчылыктын эң барктуу түрү болгон. К. с. ж-дөгү алгачкы маалымат 5–7-к-га таандык. Кыргыз элиндеги ит агытып, К. с. жана аңчылык кылуу өнөрү жаратылышка жана жан-жаныбарларга аяр мамиле кылууга үйрөткөн жана аны чанда бир адам гана аркалай алган өтө кылдат кесип болгон. Кыргызда анын өзүнчө кесип катары өнүгүшү тарыхый, этногр., археол., тилдик фактылар, маалыматтар менен таст

ыктала т. Куш кыраанынын алпы – бүркүт. Анын 65 түрү, айрым маалыматтарда 40 түрү бар, а. и. төрт берени бөлүнүп турат. Төртөө төрт бөлөк касиетке ээ, төртөө тең карышкыр алат. Калгандары түлкүгө салынуучу бүркүттөр. Бүркүттөн кийинки кыргыздар өтө аздектеген
куштардын бири – ителги. Кызыл чаар, көк чаар ителгилер тапка бат кирсе, айрымдары (кара шумкар) кара мүртөз келип, тапка көптө кирет. Ителгинин томогосу тартылганда эң оболу жер менен жер болуп жөнөп, он-он беш кадамдай калганда асманга октой түптүз атып чыгат. Илбээсинге төбөсүнөн тийип, тебет. Бир эле томого тартканда 15–17 тоодакты тээп түшүргөн шумкарлар бар. К. с. атайын кесипчилик жана улуттук спорт түрү катары кеңири белгилүү жана майрамдарда, салтанаттарда өткөрүлөт.
Р. Айталиев.