КУЧМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУ́ЧМА Леонид Данилович (9. 8. 1938-ж. т., Украина, Чернигов обл., Новгород-Север р-ну, Чайкино кыш.) – Украина мамл. жана саясий ишмери, Украина президенти (1994–2005);

1960-ж. Днепропетровск мамл. ун-тин бүткөн. 1960–80-ж. Днепропетровскидеги «Түштүк» конструкторлор бюросунда инженер, улук инженер, жетектөөчү конструктор, башкы конструктордун орун басары, парткомдун секретары, 1980–82-ж. «Түштүк машина жа­соочу завод» өндүрүштүк бирикмесинде п арткомдун секретары, 1982–86-ж. башкы конструктордун 1-орун басары, 1986–92-ж. «Түштүк машина жасоочу завод» өндүрүштүк бирикмесинде башкы директор, 1992–93-ж. Украинанын премьер-министри, 1993–94-ж. Украина өндүрүүчүлөр жана ишкерлер союзунун президенти болуп иштеген.

Лениндик (1981), Украина мамл. сыйл. (1993) лауреаты. 1-даражадагы Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйланган.


Ад.: После майдана. Записки президента, 2005–06. К.; М., 2007.