КУУ УУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУУ УУЛ , К у б а у у л, К у б у л – оозеки санжыра б-ча сол канат урууларынын түпкү ата­сы. Генеал. уламышта Долон бийдин эгиз баласынын бири, Ак уулдун түгөйү. Ак уул энесинин оң бөйрөгү, К. у. сол бөйрөгүндө жаткандыктан, ага ылайык бул экөө оң, сол болуп аталып калганы айтылат (к. Адигине-Тагай, Кыргыз санжырасы). К. у. негизинен чоң багыш, каратал деген эки урууга ажырап, караталдан кытай, мундуз, жетиген, төбөй, басыз, кушчу, саруулар тарайт. Мажму ат-Таварих б-ча Ак уул Аналхактын Лур хан деген, К. у. Лур бузурук деген уулунун тукуму же Ак уул экөө 18–20 атадан кийин кошулуп, К. у-дун Басыз, Лалым Кушчу, Ай-Баш Мундуз, Чоң Багыш, Саруу, Сунжек Хытай деген 6 баласы болуп, өз-өзүнчө 6 уруунун негизин түзгөн. Азыркы учурда өзүлөрүн К. у. деп эсептеген уруу топтору негизинен Талас жана Чаткал өрөөнү, Фергана тоо кыркаларын этектеп, Какшаал тоолорунун түштүгүндө турушат.


Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.

Р. Жолдошов.