КУУРЧАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУУРЧАК – кыздар оюнчугу. Мурда К-ты кыргыз кыздары өздөрү колго жасашкан, к. Чий курчак. Кичинекей топчу, тегерек жалпак жыгач же тоголоктогон чүпөрөк кызыл, сары, күрөң ж. б. түстөгү кездемеге оролуп, ачакей жыгачтын же кош чийдин башына чырмалып, К-тын бети жасалган. Ага туурасынан дагы бир чий же жыгач бекитилип, кол чыгарылгандан кийин тиешелүү кийим кийгизилген. Азыр ар түрдүү К-тар резина, пластмасса ж. б. материалдан жасалып, өндүрүштө даярдалат.