КУТУРГУ КОЛТУГУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУТУРГУ КОЛТУГУ – Ысык-Көлдөгү Түп булуңунун түн. жээгиндеги булуңча. Кутургу кышнан 0,8 км аралыкта жайгашкан. Голоценде Ысык-Көлдүн деңгээли көтөрүлүп, Кутургу суусу жана анын оң куймасы өрөөндү каптап калуусунан пайда болгон. Туурасы кире беришинде 320 м, эң терең жери 15 м. Түндүктөн түштүккө 650 мге, батыштан чыгышка 800 мге созулат. Таманындагы күкүрттүү суутек жыттанган кара баткакта хара балыры текши өсөт. Чыгыш жээги сайроондуу; суу бетине кальций карбонаты менен камдашкан конгломерат тектери чыгып жатат. Батыш буйткасынын жээги өтө терең. К. к. шамал жана толкундан ыктоо жайгашкандыктан, кеме токтоого ыңгайлуу жай. Батыш жээгинин ооз тарабындагы тумшуктан 250 м аралыкта кеме багыттоочу маяк орнотулган.