КУТУЗОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУТУ́ЗОВ , Г о л е н и щ е в - К у т у з о в Михаил Илларионович [5 (16). 9. 1747, Санкт- П етербург – 16

(28). 4. 1813, Польша, Бунцлау, азыркы Болеславец, сөөгү Петербургдагы Казан соборуна коюлган] – граф (1811), улуу князь (1812), орус мамл. жана аскер ишмери, кол башчы жана дипломат, генерал-фельдмаршал (1812). 1761-ж. Дворяндык артиллериялык-инж. мектепти бүткөн. 1762-ж. Астрахандагы жөө аскер полкунда рота командири. Орус-түрк согушунда (1768–74) бир катар салгылаштарга катышкан. Рябая Могила, Ларг (1770), Кагуль (1770) жана Попешты алдындагы салгылаштарда согуштук жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. 1774-ж. Шума кыш-на (азыркы Кутузовка) жакын Алуш алдындагы салгылашта оор жарадар (оң көзүнөн ажыраган) болгон. 1777-жылдан Крымда жана түш. чек араларда Суворовдун кол алдында кызмат өтөгөн. 1784-ж. генерал-майор аскер наамы берилген. 1785-жылдан Буг егер корпусунда командачы. 1790-ж. декабрда 6-колоннага командалык кылган жана Измаилди штурмалоого, Бабадаг менен Мачидеги салгылаштарга (1791) катышкан. К. 1792–94-ж. Константинополдо атайын орус элчилигин башкарган. 1797-жылдын аягынан финляндиялык инспекциянын инфантерия инспектору жана Рязань мушкетёрлор полкунун башчысы. 1799–1801-ж. Литванын, 1801–02-ж. Петербургдун аскер губернатору. Орус-австрия-француз согушунда (1805) орус армиясынын башкы командачысы. 1806–12-ж-дагы орус-түрк согушунда Молдавия армиясынын башкы командачысы. Ата Мекендик согуштун (1812) башталышында К. Петербург, кийин Москва ополчениесинин начальниги, орус армиясы Смоленскини алдыргандан кийин (8-августтан) башкы командачы. Бородино салгылашынан кийин К. армияны сактоо үчүн Москваны душманга каршылыксыз калтырып, Тарутин лагеринде күч топтоп, партизан кыймылын уюштурган жана душманды Москвадан чегиндирип, согуш убагында бөлүнгөн Смоленск тарабы менен кууп жөнөгөн. Баскынчыларды Березина д-нда биротоло талкалагандыгы үчүн Смоленск князы деген наам берилип, фамилиясына Смоленский деген титул кошулган. 1-даражадагы Георгий (1812; алгачкы толук Георгий кавалери), 4- (1775), 3- (1791), 2- (1792) даражалардагы Ыйык Георгий, Ыйык Андрей Первозванный (1800), 1- даражадагы Ыйык Владимир (1806), Ыйык Александр Невский ордендери менен сыйланган. К-го С.-Петербургда (1837; Б. И. Орловскийдин долбоору б-ча) жана Москвада (1973; Томский ж. б. долбоору б-ча) эстеликтер тургузулган. Анын ысмынан Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) 1-, 2- жана 3-даражадагы Кутузов ордендери чыгарылган.


Ад.: Коробков Н. М. Кутузов. М., 1943; М. И. Ку­тузов. Сб. документов. Т. 1–5, М., 1950–56; Полководец Кутузов. Сб. ст., М., 1955; Гуляев Ю. Н., Сог­лаев В. Т. Фельдмаршал Кутузов: Историко-био­графический очерк. М., 1995; Шишов А. В. Неиз­вестный Кутузов. М., 2002; он же. Кутузов. Фельдмаршал Великой империи. М., 2006.