КУТУЕВ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУТУЕВ Өмүрбек Алымбекович (17. 1. 1951-ж. т., Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Байгелди кыш.) –

милициянын генерал-лейтенанты (1998). Бишкектеги милициянын атайын орто мектебин (1974), СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1980) бүткөн. 1969–70-ж.

ички иштер органдарында кызматта, 1972–74-ж. Кыргыз ИИМдин өрттөн сактоо башкармалыгында инспектор, 1974–81-ж. Бишкек ш-нын Октябрь р-ндук ички иштер бөлүмүндө участка­лык милиционер, кылмыш издөө бөлүмүндө инспектор, улук инспектор, 1981–91-ж. Бишкек ш-нын, Свердлов, Ленин р-ндук ички иштер бөлүмдөрүндө начальниктин орун басары, начальник, Сокулук р-ндук ички иштер бөлүмүнүн, Бишкек ш-дык ички иштер башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 1991–93-ж. КР ИИМдин Кылмыш издөө бөлүмүнүн, 1993–96-ж. Бишкек ш-дык ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1996–2000-ж. КРдин ички иштер министри, 2000–03-ж. Бишкек ш-нын прокурору болуп иштеген.