КУТТУБАЕВ Аманкул: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУТТУБАЕВ Аманкул (20. 5. 1907, азыркы Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы – 18. 6. 1984, Фрунзе) – режиссёр, актёр, Кыргыз ССР эл арт. (1946), Кыргыз ССР Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1970). Москвадагы Луначарский атн. театр

ин-тунун режиссёрдук ф-тинде окуган (1935–41). Чыглык жолун 1926-ж. Бишкек ш-нда ачылган муз. драма студиясынан баштаган. Алымкулдун (1927, Н. Еленин, «Козголоң» «Кожо Насирдин»), Карабайдын (1929, Фурманов, Поливанов) ж. б. ролдорду аткарган. 1930-ж. К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» драмасын коюп, кыргыз театр өнөрүнүн тарыхында туңгуч режиссёр катары таанылган. К. 1930-ж. ачылган Кыргыз мамл. драма театрынын режиссёру, 1931-жылдан башкы режиссёру болуп иштеген. Т. Байжиевдин «Кырманда» (1931), Р. Шүкүрбековдун «Бейит арасында» (1934), өзүнүн «Колхоз душмандары» (1938), «Жаңыл» (К. Маликов менен бирге) драмаларын койгон. К-дин режиссёрдук дараметин тааныткан Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» (1934) муз. драмасы болгон. 1939-жылдан Кыргыз мамл. опера жана балет театрында көркөм жетекчи, башкы режиссёр, 1952–63-ж. анын директору жана режиссёру болгон. «Майсарынын жоруктары» (С. Юдаков), «Кармен» (Ж. Бизе), «Патриоттор», «Манас» (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере), «Көкүл» (М. Раухвергер), «Айдар жана Айша» (А. Аманбаев, С. Германов), «Токтогул» (А. Веприк) операларын, «Ким кантти» (М. Абдраев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлөев)

муз. комедиясын, «Биз баягы эмеспиз» (К. Маликов, А. Куттубаев) драмасын койгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Ад.: Күмүшалиев К. А. Куттубаев. Ф., 1958.