КУРЧАТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУРЧА́ТОВ Игорь Васильевич [30. 12. 1902 (12. 1903), Уфа губерниясы, Сим Заводу посёлкасы

(азыркы РФ, Челябинск обл., Сим. ш.) – 7. 1960, Москва] – cов. орус физиги, атом жана ө. ж-н түзүүчү, СССР ИАнын академиги (1943), үч жолку Соц. Эмг. Баатыры (1949, 1951, 1954). Лениндик сыйл. (1957) жана СССР мамл. сыйл. бир нече жолку (1942, 1949, 1951, 1954) лауреаты. 1923-ж. Крым ун-тинин физика-математика ф-тин бүтүргөн. 1924–25-ж. Азербайжан политех. ин-тунда (Баку) ассистент. 1925-жылдан Ленинград физика-тех. ин-тунда иштеген. 1943-ж. атайын ин-т (СССР ИАнын Атом энергиясы ин-ту) уюштуруп (1960-ж. К-дун ысмы берилген), анын жетекчиси болгон. 1946–60-ж. СССР ИАнын Президиумунун мүчөсү. 1933-жыл­дан атом ядросунун физикасы б-ча иштеп, 1934-ж. нейтрон менен бомбалоонун натыйжасында ядролук реакциянын тармактануу кубулу­шун ачкан жана бир нече элементтердин жасал­ма радиоактивдүүлүгүн изилдеген. 1935-ж. өзү­нүн кызматкерлери менен бирдикте жасалма ра­диоактивдүү изотоптордун ядролук изомерия ку­булушун ачкан. К-дун изилдөөлөрү урандын өзүнөн өзү бөлүнүшүн далилдеген (1940). Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында К. коргонуу­да мааниси зор жумуштарды аткарган. К-дун жетекчилиги менен Москвада биринчи циклотрон (1944), Европада биринчи атом реактору (1946) курулду; биринчи сов. атом бомбасы (1949), дүйнөдө биринчи термоядролук бомба (1953) жасалды, дүйнөдө биринчи ө. ж. атом электр станциясы (1954) жана термоядролук реакциялар­ды жөнгө салуу б-ча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган эң ири орнотмо (установка) курулду (1958). СССР Жогорку Советинин (3–5-шайланышынын) депутаты. Алты Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган. Сөөгү Кремль дубалына коюлган. СССР ИА ядро физикасы жана атом энерге­тикасы жаатындагы зор жетишкендиктер үчүн ыйгарылуучу Курчатов атн. алтын медаль белгилеген (1960).


Эмг.: Избранные труды: В 3 т. М., 1982–1984; Собрание научных трудов: В 6 т. М., 2005–2007. Т. 1–2.


Ад.: Асташенков П. Т. Академик И. В. Курчатов. М., 1971; Курчатов в жизни. Письма, документы, воспоминания (из личного архива) / Авт.-сост. В. В. Кузнецова., М. 2002; И. В. Курчатов в воспоминаниях и документах. М., 2004.