КУРТКА ФЛЮОРИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУРТКА ФЛЮОРИТ КЕНИ Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нунда, Молдо-Тоонун туш. капталында, Сулуу-Куртка суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 2100 м бийикте. 1949-, 1958- жана 1964-ж. изилденген. Кен аймагын карбондун башталышындагы акиташ, сланец катмарлары тузѳт. Алардын арасында флюорит тулкусу линза турундѳ кезигет. Уз. 40 ж, туурасы 10 м, жалпы аянты 410 м2. Флюорит майда кристаллдуу, бек, тыгыз. Ѳңу кочкул кѳк, сыя кѳк, ачык кѳк. Запасы C1 жана C2 категориясы б-ча 30,8 миң т. Флюорит кара металлургия ѳ. ж-нда флюс катары пайдаланууга жарактуу.