КУРМАНГАЗЫ Азыкбаев: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУРМАНГАЗЫ Азыкбаев [23. 2. 1962-ж. т., Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылы] – флейтачы, чоорчу, КРдин эл артисти (2006). 1986-ж. Кыргыз мамл. М. Күрөңкөев атн. муз.

Курмангазы чоордо ойноодо. окуу жайынын флейта (1992), Б. Бейшеналиева атн. КМИИнин флейта, композиторлук, дирижёрлук класстарын бүтүргөн. Окуу м-н бирге «Семетей», «Наристе», «Ариет» аваздык-аспаптык топторунда, К. Орозов ати. эл аспаптар, А. Малдыбаев атн. Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрынын оркестрлеринде иш-теген. 1991-ж. «Энесай» тобун уюштурган, Ан-самблдин өзгөчөлүгү кыргыздын элдик, о. эле улуттук композиторлорунун чыгармаларын за манбап эстраданын стилинде, көркөм боёктор-до, көп түстүүлүктө бергендигинде. К. флейта дан башка кыргыздын чоор, чопо чоор, сыбыз гы, добулбас, ооз комуз, комуз ж. б. 22 муз. аспа бында ойнойт. Алар үчүн элдик обон-күүлөрдү, обончулардын, композиторлордун чыгармаларын иштеп чыгат, аваздык, аспаптык чыгармаларды жазат. «Энесай» тобу Бүткүл дүйнөлүк «ЭКСПО-93» көргөзмөсүнө, 1994-ж. Берлиндеги Борб. Азия-нын муз. фестивалына катышкан. Түркия, Ма-лайзия, Индия, Италия, АКШ, Япония, Индо-незия ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. 2003-жылдан Аламүдүн р-ндук акимиатынын алдын-да уюшулган «Арка сыры» аттуу жаштардын фольклордук-эстрада тобун жетектейт.