КУРМАНБЕКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУРМАНБЕКОВ Оболбек (26. 10. 1948-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Барскон айылы) – экономист, экономика илимд. Доктору (2006), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (1987). «Евразия» эл аралык экон. академиянын мүчөсү. Финансы, бухг. эсеп, экон. талдоо жана аудит маселелери б-ча адис. КМУну (1970), ММУнун аспирантурасын (1978), Бишкек экон. ун-тинин докторантурасын (2004) бүткөн. КМУда окутуучу, кафедра башчысы (1970–94), «Дастан» тех. ун-тинде декан (1994–97), Бишкек экон. ун-тинде проректор (1997–2002), кафедра башчы­сы (2004–08), 2009-жылдан БГУда проф. 125тен ашык ил. эмгеги, а. и. 5 монографиясы бар.


Эмг.: Трансформация финансовой отчётности в условиях перехода к рынку. Б., 2002; Учёт доходов и расходов: теория и практика. Б., 2005; Развития систем бухгалтерского учёта. Б., 2005.