КУРМАНАЛИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУРМАНАЛИЕВ Сабырбек Ушпаевич (18. 2. 1954-ж. т., азыркы Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Дмитриевка кыш.) – милициянын генерал-майору (2009). ФПИни (1978), КМУну (1992) бүткөн. 1980–84-ж. Сокулук р-ндук ички иштер бөлүмүндө инспектор, 1984–93-ж. Кара-Балта

шаардык ички иштер бөлүмүндө инспектор, опер-уполномочен, бөлүмдүн начальниги, 1993–95-ж. Ысык-Ата р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1995–98-ж. КР ИИМ

дин Жалал-Абад обл. бөлүмүнүн начальниги, 1998–99-ж. КР ИИМдин Жалал-Абад жана Ош обл. б-ча регион аралык башкармалыгында бөлүмдүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1999–2004-ж. Сокулук р-ндук ички иштер бөлүмүнүн, 2004–05-ж. КР ИИ Мде башкармалыктын, 2005–08-ж. Нарын, 2008-ж. Чүй обл. ички иштер башкармалыктарынын начальниги, 2008–10-ж. КР Ички иштер министринин 1-орун басары болуп иштеген.