КУРМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУРМА (Diospyoros) – эбендер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дайыма жашыл же күбүлмө жалбырактуу дарак, бадал. Дүйнөнүн тропик, субтропик алкактарында 500дөй, а. и. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү бар. К а д и м к и К. же Кавказ К-сы (реликт түр) – бийикт. 15мдей, жалбырагы жөнөкөй, сүйрү, үстүнкү бети күңүрт, жылма. Гүлү бир жыныстуу, майда. Мөмөсү (диаметри

8–16 ммдей) саргыч кызыл, желет. Кургатылган мөмөсүндө 40% кант, 0,5% кислота бар. Бир дарактан 80 кгдай түшүм алынат. Кавказда жана О. Азияда өсөт. Эгилме түрү да бар. Ч ы г ы ш К-сы эки үйлүү (айрымдары бир үйлүү). Мөмөсүндө 25% кант, 1,5% протеин, 0,85% май, 40 мг% С витамини жана темир бар. Япония, Кытайдан тараган. Россияда 19-к-дан өстүрүлө баштаган. Абхазия, Грузияда, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанда өстүрүлөт. Ар дарактан 250 кгдай түшүм жыйналат. Мөмөсү ичеги-карын (гастрит, колит), аз кандуулук ж. б. ооруларды дарылоодо колдонулат. В и р г и н и я К-сы Түн. Америкада, КМШ өлкөлөрүндө нымдуу жана кургак субтропик зоналарда өстүрүлөт.
Бийикт. 20–25 мдей, эки үйлүү, жалбырагы сүйрү, мөмөсү тоголок (диаметри 20–50 мм), салм. 25 г, өтө даамдуу. Курамында 40% кант, 0,5% кислота бар. Ар дарактан 300 кгдай түшүм жыйналат. Жыгачы буюм, муз. аспап жасоодо пайдаланылат.