КУРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУРА́ – Закавказьедеги дарыя. Уз. 1364 км, алабынын аянты 188 миң км2. Түркиядан башталып, Грузия, Азербайжандын аймактары аркылуу агат. Каспий деңизине куярда аянты 100 км2 болгон дельтаны пайда кылат. Башатынан Тбилиси ш-на чейин кууш капчыгайлар, айрым бөлүктөрүндө тоо аралык чуңкурдуктар, төмөн жагында бийик жайгашкан түздүктөр аркылуу агат; Кура-Аракс ойдуңунда К-нын жээктерине тосмолор курулган. Негизги куймасы – Аракс (оң). Орт. чыгымы 575 м3/сек. Жылына 21 млн тга чейин шиленди агызып келет. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. Сугатка пайдаланылат. Суусунун жарымына жакыны канал аркылуу Аракска берилет. Дельтасында балык (севрюга, белуга, осётр, судак ж. б.) кармалат. К-да Земо- Авчаль, Мингечаур ж. б. ГЭСтер жана суу сактагычтар курулган; боюнда Гори, Тбилиси, Рустави, Мингечаур ж. б. шаарлар жайгашкан.