КУНЬМИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУНЬМИ́Н – Кытайдын түш.-батышындагы шаар. Юньнань провинциясынын адм. борбору. Дяньчи көлүнүн жээгинде, бөксө тоонун этегинде, 1892 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2009; агломерациясында 2,5 млн). Эл аралык аэропорту (2-курулууда) бар. Жолдор тоому. Т. ж. менен Вьетнам, автомобиль жолу аркылуу Мьянма, Тайланд, Вьетнам, Лаос менен байланышат. Шаар 1-к-да пайда болгон. Пагода (Чыгыш, Батыш), будда храмдары (1301), мечит ж. б. сакталган. КЭР ИАнын Куньмин бөлүмү, 300дөн ашык ИИИлер (а. и. ботаника, биология, зоология ж. б.), ун-ттер, китепканалар, музейлер ж. б. бар. Металлургия (так өлчөөчү аспаптар), машина куруу (станок, электртех.), хим., текстиль, тамак-аш, целлюлозакагаз ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Ботан. бак, парк, зоопарк уюштурулган. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.