КУНЬЛУНЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУНЬЛУ́НЬ , К у э н ь - Л у н ь – дүйнөдөгү ири тоо тармактарынын бири; Кытайдын аймагында. Батыштан (Памирден) чыгышты карай (Сина-Тибет тоолоруна чейин) 2700 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы батышында 150 км, чыгышында 600 км. Эң бийик жери 7723 м (Улуу-Музтаг чокусу). Түн. капталынын Тарим түздүгүнө жана Алашань чөлүнө салыштырмалуу бийикт. 4500–5000 м, түш. капталыныкы 1000–1500 м келип, Тибет тайпак тоосуна өтөт. Негизги кырка тоолору: Кашкар, Орус, Алтынтаг, Аркатаг, Баян-Хара-Ула; К-га көбүнчө Наньшанды да кошот. К. палеозой бүктөлүү кыймылынан пайда болуп, альп орогенезинде калыптан­ган; негизинен гранит ж. б. метаморфизмделген тоо тектерден түзүлгөн. Суу бөлгүчү аз тилмеленген, түн. капталы тик, түштүгү жантайыңкы. Климаты кургак, мелүүн, кескин континенттик. Бийигирээк зонасында январдын орт. темп-расы –35°Сге чейин, июлдуку 10°С чамасында. Жылдык жаан-чачыны батышында 50 мм, чыгышында 500 мм. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 11,6 миң км2. Дарыялары кыска, сууга жарды; чыгыш К-да (Наньшанда) Кукунор көлү жайгашкан. Тоо чөлү жана талаа ландшафты мүнөздүү; түн. капталдарында токойлуу жана шалбаалуу чакан аянтчалар кездешет. Көч­мөн мал чарбасы, 3600 м бийикке чейин оазис дыйканчылыгы (арпа, тоо этектеринде – буудай) өнүккөн. Кытайча Куэнь-Лунь – «пияздуу тоолор»; ал жерде сарымсак, согон ж. б. жапайы пияздын көптүгүнө байланыштуу аталып калган.


Ад.: Куньлунь и Тарим. М., 1961; Физическая география Китая. М., 1964; Гвоздецкий Н. А., Голубчиков Ю. Н. Горы. М., 1987; Физическая география материков и океанов. М., 1988.