КУНУ АЙБАНАТТАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУНУ АЙБАНАТТАРЫ – жапайы же колдо багылып, терисинен мех буюмдары жасалуучу сүт эмүүчү жаныбарлар. Жер шарына кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 100дөн ашык түрү бар. Алар тундра, Сибирь тайгасы, токойлуу талаа, Теңир-Тоо, Памир, Кавказ, Саян тоолорун мекендейт. К. а-нын 40тан ашык түрү (булгун, суусар, суу күсөн, кундуз, түлкү, карышкыр, аюу, жолборс, чөө ж. б.) жырткычтарга, 40тай түрү (тыйын чычкан, кемчет, суур, ондатра ж. б.) кемирүүчүлөргө, 13төй түрү коён сымалдарга (европа коёну, ак коён, манжур коёну ж. б.), 7дей түрү курт-кумурска менен азыктануучуларга (калтар чычкан, көр чычкандын бир нече түрү) кирет. Булардан тышкары деңиз мышыгы да кездешет. К. а-нын сейрек жана өтө сейрек учуроочулары (жолборс, илбирс, кабылан, ак аюу, деңиз кундузу, кызыл карышкыр, кара кулак шер, көк жал ж. б.) да бар. Мындай айбанаттарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Алар атайын уруксат б-ча зоопарк үчүн гана кармалат. Кышкы териси баалуу К. а-тар: тыйын чычкан, булгун, суусар, түлкү, коён, кызыл күсөн, арыс ж. б. КМШ өлкөлөрүнө чет өлкөдөн алынып келип, байырлаштырылган К. а.: ондатра, суу күзөн, саз кунусу ж. б. Кырг-нда суусар, кашкулак, суур ж. б. кезигет. Кышкысын чээнге кирүүчү кашкулак, суур сыяктуу айбанат териси промыселдик максатта кеч күздө даярдалат.