КУН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУН – өлтүрүлгөн же жабыр тарткан адамдын чыгымын жаба турган каражат, мал ж. б. (к. Айып). К-дун жаралышы алгачкы коомдук мамилелерге барып такалат. Дүйнөнүн дээрлик бардык элдеринин тарыхына мүнөздүү. Кыргыздарда К. коомдук мамилелердин өзгөчө катмарын түзгөн; ага байланыштуу «кун алуу», «кун төлөө», «кун куу», «кунуна берүү», «кунуна келген», «кун доо» ж. б. түшүнүктөр кенен тараган. Негизги максаты – күнөөлүү тарапты жазалоо, материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу. К. алуу (куу) адаты ыйык эсептелип, сөзсүз түрдө аткарылган. Бул көрүнүш коомдун социалдык-экон. өнүгүүсүнө жараша бир нече баскычтан өтүп, өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бирок негизги маңызы – күнөөлүү тарапты жазалоо функциясы сакталып калган.