КУМ ЖАЛЧАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУМ ЖАЛЧАЛАРЫ – шамалдын соккон багыты б-ча узатасынан созулуп, өсүмдүктөр менен жапырт же жарым жартылай капталып калган кум дөбөлөрү. Кумдуу чөлдөрдүн эң негизги рельеф формаларын түзөт. Уз. ондогон кмге, бийикт. 1 мден 80 мге чейин, туурасы жүздөгөн мге жетет. К. ж. шамалдын агымдарынан пайда болгон куюндун кыймылынан жана каптал экспозицияларынын бирдей эмес жылышынан келип чыгат. Жалдардын аралыктарында кененирээк кокту-колоттор жайгашат. К. ж. О. Азияга өтө мүнөздүү; о. эле Казакстан, Жуңгария, Индия, Австралия, Африка ж. б. аймактарда кездешет.