КУМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУМА́ – Түн. Кавказдагы дарыя. Уз. 802 км, алабынын аянты 33,5 миң км2. Аскалуу кырка тоосунан башталат; тоодон чыккандан кийин Каспий бою ойдуңунда Каспий деңизине жетпей салааларга бөлүнүп кетет. Негизги куймасы – Подкумок (оң). Суусунун орт. чыгымы ортонку агымында 10,9 м3/сек. К-нын суусу өтө киргилдиги менен айырмаланат. Сугатка пайдаланылат (Терек-Кума жана Кума-Маныч каналдары). К-да Отказненский суу сактагычы бар. Боюнда Минеральные Воды, Зеленокумск, Будёновск ш. жайгашкан.