КУЛОН ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУЛО́Н ЗАКОНУ – электр-статиканын кыймылсыз чекиттик эки электр зарядынын өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоочу негизги закону. Вакуумда жайгашкан заряддалган эки чекиттик кыймылсыз нерселердин өз ара аракеттенүү күчү F алардын заряддарынын модулдарынын көбөйтүндүсүнө түз пропорциялаш жана алардын арасындагы аралыктын квадраты­на тескери пропорциялаш F=kq q /r2, мында q ,q2–заряддардын модулдары, r – заряддардын ортосундагы аралык, k – пропорциялык коэфф., анын чоңдугу алынган бирдиктер системасына жараша өзгөрөт. СГС системасында k=1; СИ системасында k=1/4nr, ; r, – турактуу электр саны. Бул законду француз физиги Ш. Кулон 1785-ж. атайын жасалган толгонмо таразанын жардамы менен далилдеген. Заряддардын өз ара аракеттенүү күчү Кулон күчү деп аталат.