КУЛЖА-БАШАТ КОРГОШУН КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛЖА-БАШАТ КОРГОШУН КЕНИ Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нунда, Батыш Ак-Шыйрак кырка тоосунун түш.-чыгыш тарабындагы Кызыл-Кыр тоосунда, Кулжа-Башат жана Кыргоо коктуларынын төрүндө, деңиз деңг. 2600–2750 м бийикте. 1930-ж. табылган. 1931-, 1944-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ теги жана палеогендин кызыл түстүү конгломераты түзөт. Бул тектерди түн.-чыгышка созулган тектон. жарака кесип өтөт. Кенташ тулкулары тарам түрүндө акиташ тегинде да, конгломератта да кезигет. Негизги кенташ тулкусунун калыңдыгы 10–70 см. Түн. жак учу 3 ичке тарамга ажырайт. Мындан башка бири-бирине жарыш жайгашкан көптөгөн тарамчалар кезигет. Алардын калыңдыгы 0,05–0,53 мге чейин. Кенташтын минералдык курамы негизинен галенит, барит, барит-целестин, кальцит жана флюориттен турат.