КУЛДУК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛДУК МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,8 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,2 км3. Кызыл-Суунун сол куймасы Шибе суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5300 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4900 м. Абляциясынын аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Шибенин сол куймасы – Кулдук суусу башталат.