КУЛАНАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛАНАК – Нарын р-нундагы кыштак. Учкун айыл округуна караштуу. Нарын д-нын сол өйүзүндө, Нарын – Казарман жолунун боюнда, деңиз деңг. 1850 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 44 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 334 км. Кыштак 1907-ж. негизделген. Калкы 2705 (2009); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, кесиптик-тех. окуу жайы бар. Үйбүлөлүк врачтар тобу, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, 9 тегирмен иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатырлары Ж. Кулумбаев, Т. Эркимбаев жана Кыргыз ССРинин эл артисти Т. Жумакаева туулган.