КУЛАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУЛАН (Eguus hemiomus) – жылкы сымалдар тукумундагы сыңар туяктуу жаныбар. Дене уз. 2 мдей, бийикт. 125 смдей. Башы чоң, кулагы узун, буту ичке, кууш туяктуу, жалы кыска, өңү саргыч күрөң, жону кара сызыктуу, куйругунун учу чачыдай, кара. Борб. Азиянын чөл, жарым чөлдөрүндө жашайт. 3–50дөн үйүр түзүп жүрөт. 2–3 жашында жыныстык жактан жетилет. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.