КУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУЛ – 1) коомдук-социалдык турмушта кожоюндун жеке менчигине айланган, эч укугу болбогон эркек киши; эмгеги, тапкан мүлкү бирөөнүн менчигинде болуп, ага көз каранды болгон эрксиз адам. Адамзаттын тарыхында К-дун пайда болушу өзгөчө маанилүү этаптардын бири болуп саналат (к. Кул ээлөөчүлүк түзүлүш). Ал кыргыздардын социалдык турмушунда патриархалдык мүнөзгө ээ болуп, аны бай же оокаттуу адамдар кармашкан. К-дар жортуулдан колго түшкөндө, кербендерди карактап алганда, соода-сатык ж. б. кырдаалда пайда болгон. Кун төлөй албагандар, алык-салыктын натыйжасында жакырданган адамдар да аргасыз К. болуп калышкан. Кыргыз коомунда К-дун бир нече түрү болгон. Боору такыр К. (ата сы дагы К. болсо); жумшоо үчүн келген К. (кызын күйөөгө бергенде кызматчы катары); калың­га келген К.; байгеге сайылган К.; олжо К. (жоодон колго түшкөн туткун); сатыкка түшкөн К.; кирме К. (байдын кызматчысы); дене К. (боштондук албай, өмүр бою кулдукта жашаган адам); бакма же тондуу К.; жетесиз К. (урук-тууганы, эл-журту жок) ж. б. үй, мал чарбасында кызмат кылган К-дар деп бөлүнгөн; 2) Кемсинтүү иретинде колдонулган. Мис., байбиченин балдары кичүү аялдан (токол) туулган балдарды К. деп кемсинтишкен.

А. Көчкүнов.