КУКУНОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУКУНО́Р (моңголчо хух – көгүлтүр, нор – көл), Ц и н х а й – Наньшань тоолорунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан туздуу туюк көл; Кытайда. Аянты 4,2 миң км2дей, тереңдиги 38 мге чейин. Тоо аралык өрөөндө деңиз деңг. 3200 м бийикте жайгашкан. Ноябрдан мартка чейин муз каптайт. Балыкка бай.