КЕРИМБЕКОВ Акылбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕРИМБЕКОВ 1 to КЕРИМБЕКОВ Акылбек) |
(Айырма жок)
| |
09:46, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕРИМБЕКОВ Акылбек (10. 1. 1947-жылы туулган, Талас облусу, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (2003), профессор (2006), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (1996). КМУнун физика-математика факультетин бүтүргөн (1970–71), Жоон-Дөбө орто мектебинде математика мугалими (1970), ФПИнин илимий лабораториясында (НИЛСС) кенже илимий кызматкер (1971–72), КМУда окутуучу, улуу окутуучу ж-а доцент (1972–92), И. Арабаев атындагы КМПУда физика-математика факультетинин деканы (1992–98), Ж. Баласагын атындагы КУУда кафедра башчысы (1998–2006), 2006-жылдан КРСУда профессор. Жайылган параметрлүү системаларды оптималдуу башкаруу теориясы боюнча адис. 120дан ашуун илимий эмгектин автору.
Эмг.: Математические методы оптимального управления электромагнитными колебаниями. Б., 1997; Нелинейное оптимальное управление колебаниями в линиях передач. Б., 2008.