ЖЕТИ-ШААР (географиялык аймак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Created page with "'''ЖЕТИ-ШААР''' – Чыгыш Түркстандагы тарыхый аймак. Ири соода борборуна айланган шаарлардын аталышына негизделип айтылып калган. Алгач 1768–1769-жылдары жазылган Мухаммад Садык Кашкаринин (1730–1820) «Тазкира-ий азизан» («Азиз инсандардын баяны») деген эмгегинде «...")
 
No edit summary
 
2 сап: 2 сап:


Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. Соч. в пяти томах. Т. 2 . А.-А., 1985
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. Соч. в пяти томах. Т. 2 . А.-А., 1985
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]

02:39, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕТИ-ШААРЧыгыш Түркстандагы тарыхый аймак. Ири соода борборуна айланган шаарлардын аталышына негизделип айтылып калган. Алгач 1768–1769-жылдары жазылган Мухаммад Садык Кашкаринин (1730–1820) «Тазкира-ий азизан» («Азиз инсандардын баяны») деген эмгегинде «Төрт шаар» («түрт шэхэр») түрүндө кезигип, Моголстан мамлекетинин тушунда «Манглай Субе» деп аталган. 16–17-кылымдарда Жуңгар хандарына (кара: Жуңгар хандыгы) көз каранды болуп, 18-кылымдын экинчи жарымынан Цин империясынын карамагына өткөн. Ч. Валиханов Жети-Шаарга 1) Комул, 2) Турпан, 3) Карашаар, 4) Куча, 5) Уч (Уш, Үч-Турпан), 6) Жаркент (Йаркенд), 7) Кашкарды киргизген. Тарыхый маалыматтарда байыркы замандан тарта бул шаарлардын айланасын көчмөн кыргыздардын оң-сол уруулары мекендеп, аталган аймактагы коомдук-саясий, экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө зор таасир тийгизип келишкен. 1860-жылдардагы Цин империясына ((1644–1912)) каршы диний көтөрүлүштөрдүн натыйжасында көз карандысыз Жети-Шаар мамлекети түзүлгөн (18644–1877).

Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. Соч. в пяти томах. Т. 2 . А.-А., 1985