КОММЕНСАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОММЕНСАЛИ́ЗМ</b> (лат. commensalis – табак­таш) – табияттагы бир түрдөгү организмдердин | <b type='title'>КОММЕНСАЛИ́ЗМ</b> (лат. commensalis – табак­таш) – табияттагы бир түрдөгү организмдердин башка бир түрдүн эсебинен, аларга зыян кел­тирбей жашоосу (азыктануу же чөйрө катары пайдалануусу). Мисалы, эки түрдүн популяцияла­рынын особдорунун бири-бири м-н болгон ма­милелеринде бир түр үчүн пайдалуу, ал эми экин­чи бир түр үчүн пайдасы да, зыяны да жок ма­милелер. Жаныбарлардын өз ара мамилелери­нин мүнөзүнө карата комменализм үчкө бөлүнөт: 1) коммен­сал башка түрдөгү организмдерди азык катары пайдаланат, мис., качкын-рак ээлеген үлүлдүн ичинде муунак курт жашап, рактын азыгынын калдыктарын жейт; 2) комменсал башка түрдөгү организмге биротоло же убактылуу жармашып жүрөт, мисалы, жабышкак балык соргуч сүзгүчтөрү м-н акула ж. б. ири балыктарга жабышып, алар м-н кошо сүзүп жүрөт; 3) комменсал ээсинин органдарынын ичинде жашайт, мисалы, баканын арткы ичегисинде жашаган айрым инфузория­лар ж. б. | ||
башка бир түрдүн эсебинен, аларга зыян кел­тирбей жашоосу (азыктануу же чөйрө катары пайдалануусу). | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
09:36, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОММЕНСАЛИ́ЗМ (лат. commensalis – табакташ) – табияттагы бир түрдөгү организмдердин башка бир түрдүн эсебинен, аларга зыян келтирбей жашоосу (азыктануу же чөйрө катары пайдалануусу). Мисалы, эки түрдүн популяцияларынын особдорунун бири-бири м-н болгон мамилелеринде бир түр үчүн пайдалуу, ал эми экинчи бир түр үчүн пайдасы да, зыяны да жок мамилелер. Жаныбарлардын өз ара мамилелеринин мүнөзүнө карата комменализм үчкө бөлүнөт: 1) комменсал башка түрдөгү организмдерди азык катары пайдаланат, мис., качкын-рак ээлеген үлүлдүн ичинде муунак курт жашап, рактын азыгынын калдыктарын жейт; 2) комменсал башка түрдөгү организмге биротоло же убактылуу жармашып жүрөт, мисалы, жабышкак балык соргуч сүзгүчтөрү м-н акула ж. б. ири балыктарга жабышып, алар м-н кошо сүзүп жүрөт; 3) комменсал ээсинин органдарынын ичинде жашайт, мисалы, баканын арткы ичегисинде жашаган айрым инфузориялар ж. б.