КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО́ – </b>көрүү талаасы чоңой­тулуп жана стереофон үн менен тартылган, кеңири экранда көрсөтүлүүчү кино. Кең экрандуу кино тартуу идея­сы кинематограф (кыймылдагы объектини жа­рык, сезгич тасмага тартуучу жана ал сүрөттү экранга көрсөтүүчү аппарат) ойлоп чыгарылган­дан башталган. Азыркы кең экрандуу кинолор ар түрдүү | <b type='title'>КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО́ – </b>көрүү талаасы чоңой­тулуп жана стереофон үн менен тартылган, кеңири экранда көрсөтүлүүчү кино. Кең экрандуу кино тартуу идея­сы кинематограф (кыймылдагы объектини жа­рык, сезгич тасмага тартуучу жана ал сүрөттү экранга көрсөтүүчү аппарат) ойлоп чыгарылган­дан башталган. Азыркы кең экрандуу кинолор ар түрдүү техникалык системалар (анаморфот оптикалуу, узата кадрлуу, кең тасмалуу системалар) менен тарты­лат. Анаморфот оптикалуу система менен кең экрандуу кино тартууда кино аппараты анаморфоттук объектив кийгизме менен жабдылат да, объектинин кино <i>кадрдагы</i> сүрөтү горизонталь боюнча «жыйрылат». Кино тасманын өлчөмдөрүн өзгөртпөй туруп, жактарынын катышы 1:2,55 болгон сүрөт алынат. Мындай тасманы экранда көрсөтөрдө кино көрсөткүч аппараттын объективине ана­морфоттук кийгизме орнотулат да, тартылган­да «жыйрылып» түшкөн сүрөт горизонталь боюнча чоюлуп көрсөтүлөт. Экрандын туурасы 15–22 <i>м</i> болот. Үндү угузуу үчүн үч каналдуу система кол­донулуп, 3 же 4 топтон турган күчөтүп сүйлө­гүчтөр пайдаланылат. «Синерама» системасы 1952-жылы Америка Кошмо Штаттарында иштелип чыккан. Бул система менен тартылуучу жана көрсөтүлүүчү кино тасманын ар бир кадры катар коюлган кино тар­туучу аппарат менен 35 <i>мм</i>лик үч кино тасмага ай­рым тартылат. Конструкциясы бири-бирине карата 48° бурч боюнча жайгаштырылат. Бул ка­мералардагы тасма бирдей (синхрондуу) жыл­дырылат. Фокус жана диафрагма үч объективде бир убакта коюлат. Үч тасманын ар биринен позитив чыгарылат. Кино театрдагы атайын конструкциядагы экранга бир маалда айрым үч позитив көрсөтүлөт. «Караш-караш» (режиссёру Б. Шамшиев, 1968), «Ак илбирстин тукуму» (Т. Океев, 1984), «Теңир» (Мари де Поншели­вил, Америка Кошмо Штаттары менен бирге, 2008), «Уурунун махаба­ты» (Э. Абдыжапаров, 2009), «Свет аке» (Актан Арым Кубат, 2010), «Аталар керээзи» (Нурбек Эген, 2007) жана башка тасмалар кең экрандуу фор­матта тартылган. Кыргызстанда кең экрандуу кино «Ала-Тоо», «Октябрь», «Россия», «Манас» жана башка кино театр­ларда көрсөтүлөт. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:45, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО́ – көрүү талаасы чоңойтулуп жана стереофон үн менен тартылган, кеңири экранда көрсөтүлүүчү кино. Кең экрандуу кино тартуу идеясы кинематограф (кыймылдагы объектини жарык, сезгич тасмага тартуучу жана ал сүрөттү экранга көрсөтүүчү аппарат) ойлоп чыгарылгандан башталган. Азыркы кең экрандуу кинолор ар түрдүү техникалык системалар (анаморфот оптикалуу, узата кадрлуу, кең тасмалуу системалар) менен тартылат. Анаморфот оптикалуу система менен кең экрандуу кино тартууда кино аппараты анаморфоттук объектив кийгизме менен жабдылат да, объектинин кино кадрдагы сүрөтү горизонталь боюнча «жыйрылат». Кино тасманын өлчөмдөрүн өзгөртпөй туруп, жактарынын катышы 1:2,55 болгон сүрөт алынат. Мындай тасманы экранда көрсөтөрдө кино көрсөткүч аппараттын объективине анаморфоттук кийгизме орнотулат да, тартылганда «жыйрылып» түшкөн сүрөт горизонталь боюнча чоюлуп көрсөтүлөт. Экрандын туурасы 15–22 м болот. Үндү угузуу үчүн үч каналдуу система колдонулуп, 3 же 4 топтон турган күчөтүп сүйлөгүчтөр пайдаланылат. «Синерама» системасы 1952-жылы Америка Кошмо Штаттарында иштелип чыккан. Бул система менен тартылуучу жана көрсөтүлүүчү кино тасманын ар бир кадры катар коюлган кино тартуучу аппарат менен 35 ммлик үч кино тасмага айрым тартылат. Конструкциясы бири-бирине карата 48° бурч боюнча жайгаштырылат. Бул камералардагы тасма бирдей (синхрондуу) жылдырылат. Фокус жана диафрагма үч объективде бир убакта коюлат. Үч тасманын ар биринен позитив чыгарылат. Кино театрдагы атайын конструкциядагы экранга бир маалда айрым үч позитив көрсөтүлөт. «Караш-караш» (режиссёру Б. Шамшиев, 1968), «Ак илбирстин тукуму» (Т. Океев, 1984), «Теңир» (Мари де Поншеливил, Америка Кошмо Штаттары менен бирге, 2008), «Уурунун махабаты» (Э. Абдыжапаров, 2009), «Свет аке» (Актан Арым Кубат, 2010), «Аталар керээзи» (Нурбек Эген, 2007) жана башка тасмалар кең экрандуу форматта тартылган. Кыргызстанда кең экрандуу кино «Ала-Тоо», «Октябрь», «Россия», «Манас» жана башка кино театрларда көрсөтүлөт.