КОКУЙ ТИКЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОКУЙ ТИКЕН</b> (Cousinia) – өсүмдүктөрдүн та&shy;таал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, чан&shy;да эки жылдык чөп. Сабагы түз, көп бутактуу, жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги те&shy;гиз же бир, эки, үч ирет тилкелүү, катуу, тикен&shy;дүү, чандасы гана тикенсиз. Жалбырактары не&shy;гизинен тамыр моюнчасына топтолгон, сабагын&shy;да жогорулаган сайын майдараак. Гүлү ар кан&shy;дай санда, кош жыныстуу, ар бир сабактын учунда жалгыздан же калемчедей, шыпыргы&shy;дай, калканчадай топ гүлдү түзөт. Гүлү түтүкчө&shy;дөй, желекчелери мала же көгүш кызыл, мала
<b type='title'>КОКУЙ ТИКЕН</b> (Cousinia) – өсүмдүктөрдүн та&shy;таал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, чан&shy;да эки жылдык чөп. Сабагы түз, көп бутактуу, жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги те&shy;гиз же бир, эки, үч ирет тилкелүү, катуу, тикен&shy;дүү, чандасы гана тикенсиз. Жалбырактары не&shy;гизинен тамыр моюнчасына топтолгон, сабагын&shy;да жогорулаган сайын майдараак. Гүлү ар кан&shy;дай санда, кош жыныстуу, ар бир сабактын учунда жалгыздан же калемчедей, шыпыргы&shy;дай, калканчадай топ гүлдү түзөт. Гүлү түтүкчө&shy;дөй, желекчелери мала же көгүш кызыл, мала көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү –урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гима&shy;лайда таралган, Кыргызстанда 80ге жакын түрү өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин тарал&shy;ган. Айрымдары – шалбаадагы, айдоодогу зы&shy;яндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микро&shy; ж-а макроэлементтер, кант ж. б. заттар көп.
көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү
урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гима&shy;лайда таралган, Кырг-нда 80ге жакын түрү
өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин тарал&shy;ган. Айрымдары – шалбаадагы, айдоодогу зы&shy;яндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микро&shy; ж-а макроэлементтер, кант ж. б. заттар көп.
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]
[[Категория:4-том, 353-402 бб]]

03:08, 21 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОКУЙ ТИКЕН (Cousinia) – өсүмдүктөрдүн та­таал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, чан­да эки жылдык чөп. Сабагы түз, көп бутактуу, жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги те­гиз же бир, эки, үч ирет тилкелүү, катуу, тикен­дүү, чандасы гана тикенсиз. Жалбырактары не­гизинен тамыр моюнчасына топтолгон, сабагын­да жогорулаган сайын майдараак. Гүлү ар кан­дай санда, кош жыныстуу, ар бир сабактын учунда жалгыздан же калемчедей, шыпыргы­дай, калканчадай топ гүлдү түзөт. Гүлү түтүкчө­дөй, желекчелери мала же көгүш кызыл, мала көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү –урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гима­лайда таралган, Кыргызстанда 80ге жакын түрү өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин тарал­ган. Айрымдары – шалбаадагы, айдоодогу зы­яндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микро­ ж-а макроэлементтер, кант ж. б. заттар көп.