КОКУЙ ТИКЕН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү – | көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү – | ||
урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гима­лайда таралган, Кырг-нда 80ге жакын түрү | урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гима­лайда таралган, Кырг-нда 80ге жакын түрү | ||
өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин тарал­ган. Айрымдары – шалбаадагы, айдоодогу зы­яндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микро­ж-а макроэлементтер, кант ж. б. заттар көп. | өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин тарал­ган. Айрымдары – шалбаадагы, айдоодогу зы­яндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микро­ ж-а макроэлементтер, кант ж. б. заттар көп. | ||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
11:04, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОКУЙ ТИКЕН (Cousinia) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, чанда эки жылдык чөп. Сабагы түз, көп бутактуу, жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги тегиз же бир, эки, үч ирет тилкелүү, катуу, тикендүү, чандасы гана тикенсиз. Жалбырактары негизинен тамыр моюнчасына топтолгон, сабагында жогорулаган сайын майдараак. Гүлү ар кандай санда, кош жыныстуу, ар бир сабактын учунда жалгыздан же калемчедей, шыпыргыдай, калканчадай топ гүлдү түзөт. Гүлү түтүкчөдөй, желекчелери мала же көгүш кызыл, мала көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү – урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гималайда таралган, Кырг-нда 80ге жакын түрү өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин таралган. Айрымдары – шалбаадагы, айдоодогу зыяндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микро ж-а макроэлементтер, кант ж. б. заттар көп.