КЫРГЫЗ-КАЛМАК (ОЙРОТ) СОГУШТАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫРГЫЗ-КАЛМАК (ОЙРОТ) СОГУШТАРЫ (17–18-к.) – Жуңгар хандарынын кыргыздарга каршы жүргүзгөн баскынчылык жортуулдары, согуштук экспанциясы. 17-к-дын 30-жылдарында түзүлгөн ойрот (калмак) урууларынын күчтүү союзу (к. Жуңгар хандыгы) О. Азияга (1626–27; 1643-, 1653-, 1658-, 1681–84; 1711–12; 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739–41; 1745–48) тынымсыз кол салып турган. Натыйжада 1635–36-ж. 12 000 түтүн кыргыз Каратегин, Ысарга (Гиссар) сүрүлгөн (Махмуд ибн Валинин эскерүүсү б-ча). 1643-ж. Эрдене Баатыр коңтаажы хошут Очирту 50 миң колу м-н Токмокко чейин келип, кыргыз-казактардан жеңилип кайткан. 1658-ж. Чечен (Цецен) хандын уулу Галдама (санжырада Калдама) Талас суусунун жээгинде ферганалык Абдышүкүрдүн колун жеңип, Иледе кыштап турган. 1681–85-ж. Галдан Бошокту хандын аскери Чүй өрөөнү ж-а Кашкар тоолору аркылуу бир нече жолу Фергананы чаап, Ташкент, Ош, Өзгөн, Сайрам ш. чоң зыян тарткан. Чүй, Талас (Чоң-Капка, Күмүштак) өрөөндөрүндө да калмактар турганы ж-дө маалыматтар бар. Бирок кыргыздар калмак бийлигин тааныган эмес. 1744–45-ж. кыргыздар коңшу эл-дер м-н бирге калмактарга каршы ийгиликтүү жүрүштөрдү уюштурган. 1745-ж. Касан ш-нын чыгышындагы миң түтүн кыргыз Абдыкерим бийге (к. Кокон хандыгы) кошулуп, калмактарды Ташкент ш-нан сүрүп чыгышкан, о. эле кашкарлык Акмат (Ахмет) бийге жардам беришип, калмактарды эки жолу катуу талкалагандыктан, Доржу жайсаң башында турган 10 миң колдон 3 миңи гана аман калган. 1749-ж. Якоб (Ягба) Жайсаңга кол салып, 300 кишисин кырып, Кашкарды камоого алган. Кыргыз тарыхында: Иленин башында (Тарбагатай) болгон кыргыз-калмак согушунда сарыбагыш уруусунан Эсенкул баатыр, бугу уруусунан Шапак 300 кол м-н калмактарга кол салган, анда 270 калмак өлүп, кыргыздар 17 кишисинен ажыраганы тууралуу айтылат. Жуңгария күч м-н Цин империясынын курамына киргенден (1758) кийин да кыргыз-калмак согуштары уланган. 1771-ж. Волга жээгинен Уубашы башында турган калмактар (болжол м-н 30 миң түтүн) Жуңгарияга качканда, кыргыздар аларды Сарытокумдан (кыт. «Шара-бэл» – Иленин Балхашка куйган сол жээги) Тамга суусуна (Кулжа ш-на жакын) чейин кууп барышкан. Калмактардан 10 миңдей киши гана Кытайга жеткен. К.-к. (о.) с-нын окуялары элдик оозеки ад-ттарга, санжыраларга ж-а эпосторго («Манас», «Эр Табылды», «Курманбек», «Гүлгаакы» ж. б.) кирип, жер-суу аттары («Калмак-Коргон», «Калмак-Таш», «Калмак-Ашуу», «Калмак-Кечүү» ж. б.) да К.-к. (о.) с-на байланыштуу аталып калган.
Ад.: Казахско-русские отношения в XVI–XVIII веков (Сб. документов и материалов). А., 1961; Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-ое изд. М., 1983; Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск, 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995; Андреев И. Г. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. А., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003.
Э. Турганбаев.