КЫРГЫЗ ЖАҢЫ ЖЫЛКЫСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫРГЫЗ ЖАҢЫ ЖЫЛКЫСЫ – Кырг-ндагы жерг. кыргыз жылкысы м-н дон ж-а талаа асыл тукум минги жылкысын аргындаштыруудан чыгарылган порода. 1954-ж. порода катары бекитилген. Асыл тукум иши Кырг-ндын кескин континенттик климатына ж-а бийик тоо шартында пайдалануу үчүн тулку бою келишимдүү, чымыр жылкы чыгарууга багытталган. Жаңы

породаны чыгарууга И. Н. Чашкин, Ф. А. Приходько, Ч. Кудайбергенов, С. Д. Панченко, А. Дөөлөтбаков ж. б. катышкан. Жаңы порода үч типке бөлүнөт: биринчиси – негизги (мүнөздүү), экинчиси – келбеттүү (сөөктүү) ж-а минги жылкы. Бул типтеги жылкылар дене түзүлүшү, чоңдугу, табияты, жумушка чыдамкайлыгы м-н жерг. шартка байыр алышы жагынан бири биринен көп айырмаланат. Бээлеринин орт. өлчөмү: боюнун бийикт. 150,8, көкүрөк курчамы 179,6, бутунун жоондугу 18,7 см, тирүүлөй салм. 447,0 кг. Ар 100 тубар бээден 65–85 кулун алынат. Күлүктүгү: 1200 м аралыкты 1 мин 18,7 сек, 1600 м –1 мин 46 сек, 2400 м – 2 мин 45 сек чуркап өтөт. Кулунтайы күнүнө 800–1000 г салмак кошот. Бээси саан мезгилинде (5 ай) 2200 кг сүт берет.