КЫРГЫЗ ДЫЙКАНЧЫЛЫК ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫРГЫЗ ДЫЙКАНЧЫЛЫК ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ КРдин Айыл чарба министрлиги­нин карамагында. Ин-т 1956-ж. Мамл. селек­ция ж-а респ. мөмө-жемиш, жашылча тажрыйба станцияларынын базасында түзүлгөн. 2002-ж. Агрардык илим ж-а консультациялык кызмат борборуна өткөрүлгөн. 2008-жылдан кайра ми­нистрликтин карамагында. Негизги ил. багыттары – а. ч. өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү ж-а сапаттуу сортторун ж-а гибриддерин чыга­руу, а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникасын өркүндөтүү, дыйканчылыктын ил. негизделген системасын иштеп чыгуу, которуштуруп айдоо системасын дыйкан чарбаларга киргизүү ж-а топурактын асылдуулугун жогорулатуу. Ин-тта а. ч. өсүмдүктөрүнүн 100дөй сорту ж-а гибриди чыгарылган ж-а райондоштурулган, а. и. күздүк буудайдын 40 сорту ж-а гибриди (жогорку түшүмдүүлүгү 8–10 т/га), күздүк арпанын (8,0 – 8,5 т/га), жаздык арпанын (3,5 – 8,5 т/га), жүгөрүнүнүн (17,0 –18,0 т/га), кант кызылчасынын (60,0 – 65,0 т/га), помидордун (60,0 т/га), картошканын (25,030,0 т/га) ж-а пахтанын (3,2 – 3,6 т/га) сорттору чыгарылган. Ин-т чыгарган буудай ж-а арпа сорттору Казак­стан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан ж-а Арменияда эгилет. КРдин а. ч-сын жүргүзүү ж-а облустар б-ча ил. жактан негизделген дый­канчылык системасы иштелип чыккан. Ин-тта 2 илимдин доктору (КР УИАнын 1 академиги, 1 корр. мүчөсү), 19 – кандидаты эмгектенет.
Ин-ттун ил. эксперименттик чарбасы, 4 таж­рыйба станциялары ж-а чарбалары, 13 ил. бө­лүмү ж-а лабор-сы бар. Ин-ттун алгачкы директору А. Л. Кильчевский (1956–63), 2010-жылдан директору Ж. Акималиев.
Д. Акматова.
]]> </definition> </page> <page> <title>«КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ»</title> <revision> <timestamp>2025-12-20T11:26:11Z</timestamp> <contributor><username>KadyrM</username></contributor> <text><![CDATA[«КЫРГЫЗДЫН ГИ́ННЕСС КИТЕБИ» – респ-дагы рекорддор ж-дөгү туңгуч маалыматтар жыйна­гы. 2008-ж. 500 нускада жарык көргөн. Жыйнак­тын автору КР мад-тына эмг. сиң. ишмер Ы. Кадыров. Китеп эки бөлүмдөн турат: 1) «Кыргыз­стандын рекорддору» бөлүмүндө кыргыз тары­хындагы эң кызыктуу окуялар, эң байыркы, эң жаш, эң узун, эң көп, эң чоң, эң узак, эң кичине ж. б. ж-дө кыскача маалыматтар берил­ген; 2) «Биринчилер» бөлүмүндө респ-нын илим­билими, эл чарбасы, мад-т, спорт ж. б. б-ча ал­гачкы рекордсмендер, баштоочтор, туңгуч сыйлыктар ж-а ага татыктуу болгондор ж. б. ж-дө айтылат. Бул эмгек улам жаңы маалыматтар м-н толукталып турмакчы.